Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жыл 5-апрель №24

 

“Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2024-жылга карата бир жылдык планын, тарифин, келишимдерин бекитүү жөнүндө”

 

          Каргалык айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Үмөтбек уулу Абдыназардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2024-жылга карата бир жылдык планы 750,0 миң сом, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин ички жайыт эрежелери, жайыт билети, келишимдери, жайыт пайдалануу акысы (тарифи) бекитилсин.

2.     2024-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

           - ири мүйүздүү малга - 65 сом;

- жаш бодо мал үчүн - 40 сом;

          - кой, эчкилерге - 18 сом;

          - жылкыга - 65 сом.

3 Каргалык айыл аймагындагы бадачылардын баккан малына төмөндөгүдөй тартипте

- ири мүйүздүү мал багуучуларга туягына - 400 сом,

- кой-эчки багуучуларга туягына - 100 сомдон акы бекитилсин, эгерде мындан

жогору баа коюп алган шартта, бадачыны аксакалдар сотуна тапшыруу жагы

“Жайыт” комитетине милдеттендирилсин.

4. Ортоңку жайыттарга көчүрүү 10-апрелден 20-апрелге чейин, алыскы

жайыттарга көчүрүү 1-майдан 25-майга чейин жүргүзүлүп, күзгү жайыт

мезгили 1-ноябрда аякталсын.

5.Сырткы жайытка тиешелүү Туура - Тал, Макмал, Оргазкан, Көк - Торпок, Чаар -Таш участкасындагы жайыттар эс алдырууга алынсын.

6..Жайыт жерлеринен шагыл, топурак, туз казып алууга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациянын буйругуна ылайык жер бөлүп берүү “Жайыт” комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

7.Каргалык айыл аймагынын жайыт жерлериндеги “сасыкматал”, “эндик” жана башка дары чөптөрдү уруксаты жок казып алып жаткандарга райондук эколог менен биргеликте иш алып баруу жагы “Жайыт” комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

8.“Токой чарбасы” жана “Саймалуу - Таш” МЖПкы менен чектеш аймактарга чыккан мал багуучулардан, жайыт акысын алууда “Токой чарбасы” жана “Саймалуу - Таш” МЖПкы менен 50 пайыздык өлчөмдө түзүлгөн келишимдин негизинде алуу жагы “Жайыт” комитетине милдеттендирилсин.

9.Жайыт комитетинин карамагындагы техникаларга төмөндөгүдөй өлчөмдө кызмат акы бекитилсин;

-        “ГАЗ-53” автомашинасына - 1000 сом, күйүүчү майдан сырткары,

-        “Погрузщик” тракторуна - саатына 1000 сом, 15 л соляркасы менен.

10.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына, Макмал, Чет-Булак, Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын айыл башчыларына, участкалык инспекторго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

11. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

12.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга жүктөлсүн.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов

 

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы______________Т.И.Токтоболотов Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги

IV сессиясынын №24 токтомуна тиркеме “05” апрель 2024-жыл

“Каргалык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын ички тартип эрежелери”

 

  1. Каргалык айыл аймагынын Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу боюнча түзүлүп бекитилген планына ылайык жазда көчүрүү 10-апрелден 25-апрелге чейин.
  2. Жайлоого көчүрүү 10-майдан 25 майга чейин.
  3. Күздөөгө көчүрүү 01-ноябрь.
  4. Кыштоого көчүрүү (айылдарга) 15-ноябрь күнү белгиленсин.
  5. 20-апрелден баштап кечиктирилбестен корук уюштурулуп, айдоо аянттарына жакын жайгашкан малчылар жаздоого көчүрүлүп чыгарылсын.
  6. 20-апрелден баштап саан уйларга бада уюштурулуп, кезүү кайтаруу жайыт пайдалануучуларга эскертилсин.
  7. Айыл ичинде бирден мингич аттары, саап ичкен уйлары 2 (эки) баштан ашык калтырылбасын. Эгер бул тартип аткарылбаса Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

-        Айыл ичинде уюштурулган бадага кошпой, малын кароосуз ээн көчөгө кое берип жана өзгөчө жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө, бак-дарактарга, огороддорго, гүл бакчаларга, эс алуучу парктарга, айдоо аянттарга, чөп чабындыларга, табигый жайыттарга жана башкаларга залал келтирсе Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт;

-        Жайыттарды эс алдырууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлерине белгиленген мөөнөттөн мурда ар бир мал багуучу бадачы жана жайыт пайдалануучулар конуш кылып короо кармап отурууга тыюу салынат;

-        Менчигинин түрүнө карабастан табигый жана маданий жайыттарда өсүп турган чөптөр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтсө Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

  1. Айдоо аянтына жана көп жылдык чөптүн аянтына кирип зыян келтирсе;

-        25-апрель 2024-жылга чейин корукка түшкөн малдын ээлерине алып чыгып кетүү жөнүндө эскертүү берилет;

-        эгерде эскертүү берилген мөөнөттүн ичинде мал ээси малын алып чыгып кетпесе, 25-апрель 2024-жылдан баштап корукка түшкөн малы үчүн мал ээсине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт;

-        эгерде камакка түшкөн малын мал ээси өз убагында берилген эскертүү кагазындагы көрсөтүлгөн мөөнөттө албай койгон убакта, камакка алынып багылган күндөрүнө жана багууга кеткен чыгымдарын төлөйт.

  1. Мөөнөтүнөн мурда (жайлоодон күздөөгө) көчүп келген малчыларга жана мал ээлерине бир сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү жөнүндө эскертүү баракчасы кат жүзүндө эскертилип берилет.
  2. Бул иш экинчи жолу кайталанса Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
  3. Ар бир мал багуучу бадачы жана жайыт пайдалануучулар менен 3 (үч) тараптуу (айыл өкмөтү, жайыт комитети жана жайыт пайдалануучу) келишим түзүүгө жана жайыт билетин алууга, жайыт акы төлөөгө милдеттүү;
  4. Бадачы өзүм билемдик менен мал багуудагы кызмат акысын көтөргөн бадачыга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

 

Каргалык айыл аймагынын жайыт комитети.