АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 14
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үч үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз) миң сомдон, жалпы 300000 (үч жүз) мин сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнун улуттук программасын”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомун жана 2023-жылдын 10-февралындагы №40-тескемесин аткаруу максатында, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 18.01.2024-жылдагы 01-17/131 сандуу сунуш катына негиз жана Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үч үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз) миң сомдон, жалпы 300000 (үч жүз) мин сом акча каражаты ажыратып берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|