Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХVIII-сессиясынын

2024-жыл 19-февраль №5

 

Багыш айыл аймагынын

“Ардактуу атуулу”наамын

ыйгаруу жөнүндө

Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн «Ай-Нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жамаатынын атынан « «Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын Давлетова Гулюмкан Осмоналиевнага ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Багыш айыл аймагына билим берүүгѳ, социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Октябрь айылынын тургуну, «Ай-Нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Давлетова Гулюмкан Осмоналиевнага ыйгарылсын.

 

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

3.     Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

         

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов