БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 28-март №1
“Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылынын Аткол участкасынан энергиянын кайра жаралуучу булагы катары кубаттуулугу 200,0 МВА болгон күн энергетикалык станциясын куруу үчүн 148,83 гектар кайракы айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктун, 25-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун, 39- беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 5,9-пунктарын, Кыргыз Республикасынын 15,07.2013-жылдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.03.2023-жылдагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” №62 жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” №169 токтомун жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 06.03.2024-жылкы чыгыш №01-17/343 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХVIII-сессиясы токтом кылат:
1.Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылынын Аткол участкасынан энергиянын кайра жаралуучу булагы катары кубаттуулугу 200,0МВА болгон күн энергетикалык станциясын куруу үчүн 148,83 га кайракы айдоо жер аянтын анын ичинен: №534 контурдагы 1,18 га, №655 контурдагы 8,56 га, №656 контурдагы 9,76 га, №660 контурдагы 1,48 га, №661 контурдагы 6,93 га, №666 контурдагы 32,95 га, №667 контурдагы 8,06 га, №669 контурдагы 1,40 га, №670 контурдагы 12,56 га, №671 контурдагы 0,55 га, №672 контурдагы 1,10 га, №674 контурдагы 0,85 га, №675 контурдагы 14,70 га, №677 контурдагы 2,56 га, №678 контурдагы 1,05 га, №679 контурдагы 1,77 га, №680 контурдагы 4,42 га, №684 контурдагы 29,0 га, №685 контурдагы 0,95 га, №687 контурдагы 1,80 га, №688 контурдагы 4,29 га, №689 контурдагы 2,13 га, №690 контурдагы 0,78 га жер аянтын жайгаштыруунун башка жолдору (варианты) болбогондугуна байланыштуу “Айыл чарба багытындагы жерлери” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына мыйзам чегинде которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылынын Аткол участкасынан энергиянын кайра жаралуучу булагы катары кубаттуулугу 200,0МВА болгон күн энергетикалык станциясын куруу үчүн 148,83 га кайракы айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча кабыл алынган токтомдун негизинде райондук комиссия менен биргеликте иш алып баруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновко милдеттендирилсин.
3. Базар-Коргон шаарынын мэриясы “Айыл чарба багытындагы жерлери” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) кетип жаткан 148,83 га кайракы айдоо жер аянтын көп жылдык мөөнөткө Жашыл энергетика фондуна пайдаланууга берүүдө инвесторлор тарабынан пайдалануу эрежелерин бузган учурда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин бузууну, ошондой эле тиешелүү жерлерди алып коюуну камсыз кылсын.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |