БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 28-март №2
“Базар-Коргон шаарынын борборунда жайгашкан Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багынын максаттуу багыты жашылдандыруу болгондуктан жеңил типтеги курулуштарды курууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодекс”нин 78-беренесинин 4-пункту, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, 45-беренесин, 34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 23.01.2024-жылкы чыгыш №01-17/75 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХVIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багынын максаттуу багыты жашылдандыруу болгондуктан жеңил типтеги (балдар ойноочу жай, жасалма көлмө, футбол аянтча, волейбол аянтча, кинотеатр, оюн-зоок паркы, унаа токтотуучу жай жана ажаткана) курулуштарын курууга Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодекс” жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн беренелерине ылайык, Базар-Коргон шаарынын башкы адиси – юристи, жетектөөчү адис – жер адиси, “Муниципалдык менчикти башкаруу” департаментинин башчысынын жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринин корутундуларынын, уруксат иш-кагаздарынын, долбоорун даярдатып экспертизадан өткөрүп алып мыйзамдардын негизинде макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Муниципалдык менчикти башкаруу” департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |