БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 28-март №3
“Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу №5 “Нур” мектепке чейинки билим берүү уюмун толук кандуу иштөөчү бала-бакча жана жаңы имаратка көчүрүп керектүү эмеректерин алып берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун, 29-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө“ мыйзамын аткарууга алып, 09.02.2024-жылкы чыгыш №01-17/194 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар, жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХVIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын Совет айылындагы кыска мөөнөттүү “Нур” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын эскилиги жетип, балдарга кооптулукту жаратып жаткандагына байланыштуу Ленин көчөсүндөгү №5 турак жайга көчүрүп, толук мөөнөттө иштөөсүнө уруксат берилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча жаңы тайпа ачылгандыгына байланыштуу тамак-аш, көмүр-отун жана инвентарлар менен камсыз кылуу жагы Базар-Коргон шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |