БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 28-март №4
“Базар-Коргон шаар аймагында жайгашкан №1 “А.С.Макаренко”, №3 “Бабур”, №4 “Навои”, №30 “Ө.Атабекова”, №2 “А.Нышанбаев” орто мектептериндеги окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында айгай баскычын туташтырууга 140 000 сом акча каражатын карап берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесин жана 2023-жылдын 29-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысында болгон кеңешмесинин №09-11 сандуу “Жалпы билим берүүчү мектептерди жана жогорку окуу жайларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча” протоколдук тапшырмасын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХVIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар аймагында жайгашкан №1 “А.С.Макаренко”, №3 “Бабур”, №4 “Навои”, №30 “Ө.Атабекова”, №2 “А.Нышанбаев” орто мектептериндеги окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында айгай баскычын туташтырууга 140 000 сом акча каражатын карап берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |