ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 170
М.Нургазиев орто мектебинин ашканасынын ремонтун акаралган 200,0(эки жүз миң )сом акча каражатынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. №29 М.Нургазиев атындагы орто мектеби капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн республикалык каржылоого киргендигине байланыштуу, райондук атайын эсептен ашкананы ремонттоо үчүн каралган 200,0 (эки жүз миң)сом акча каражатынын багытын, ашканага эмерек сатып алуу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Нургазиев орто мектебинин ашканасынын ремонтуна райондук атайын эсептен каралган 200,0 (эки жүз миң )сом акча каражатынын багытын ашканага эмерек сатып алуу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Багыты өзгөртүлгөн акча каражаты боюнча тиешелүү каржылык операцияларды жүргүзүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |