Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели № 92
Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылынын аймагындагы муниципалдык менчикке тиешелүү болгон 0,07 га жер аянтына жамааттык окуу борборуна имарат куруу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн аймагында региондорду өнүктүрүү жана жеке ишкерлерди социалдык жактан колдоо жана кесепеттик билим берүү максатында «Данида» коомдук фондунун 2019-жылдын 11-июнь № 13 чыгыш катынын негизинде, фонддун демилгеси менен айыл өкмөтүнүн аймагында жааматтарды окутуу борборун ачуу жөнүндөгү демилгесин угуп талкуулап, Мады айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылынын аймагындагы муниципалдык менчикке тиешелүү болгон 0,07 га жер аянтына жамааттык окуу борборуна имарат курууга уруксат берилсин.
2. Курулуучу имаратка ишкагаздарын даярдоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Асанов |