Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын

 

2024-жыл 28-март №5

 

“Базар-Коргон шаардык кеңешинин штаттык бирдигин бекитүү жөнүңдө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы N52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешининин төрагасы К.Анарбековдун 26.03.2024-жылкы чыгыш 01-17/19 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXVIII – сессиясы токтом кылат

  1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин штаттык саны кыскартылгандыгына байланыштуу Базар-Коргон шаардык кеңешинин жаңы штаттык санын №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
  3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К.К. Анарбеков

 

 

Тиркеме №1

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезекcиз XXVIII

сессиясынын

№ 5-токтому менен бекитилген

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин штаттык бирдиги

№

Кызматтардын аталышы

Штаттык бирдиктин саны

1.      

Төрага

1

2.      

Жооптуу катчы

1

3.      

ТТП

1

4.      

Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү

1

 

Баары

4

 

 

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин жооптуу катчысы ________________