ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 17-сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 19/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 5895,8 сомго бекитилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 1800,3 сомго төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
№ | Мазмуну | Сумма |
1 | Көмүр сатып алуу | 1700,3 |
2 | Таш-Башат айылынын мечитине | 100,0 |
Баары | 1800,3 | |
3. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айылдык кеңешинин жоопту катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Субанбеков |