Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIXсессиясынын

 

2024-жыл 1-февраль №8

 

“Арстанбап айылындагы муниципалдык базардагы жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө”.

 

Кыргыз Республикасынын ,,Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругуна таянып Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысынын Арстанбап айылындагы муниципалдык базардагы жер аянттарын ижарага берүү жөнүндөгү өкмөт башчынын сунушун,конкурстук комиссиянын чечимин эске алып, жеке ишкерлер аркылуу ички инвестицияларды тартуу,жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү бюджетке кирешелер түшүруу максатында Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылыш XIX сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

1.      Арстанбап айылындагы муниципалдык базардын курулушуна ички инвестиция киритүүгө жана, жаңы жумуш орундарын түзүүгө конкурстук сунуштар колдоого алынсын.

 

2.      Муниципалдык базардын ижарага берүлүүчү жер аянттарын ижара акысы 1кв.м үчүн 30 сомдон бекитилсин.

 

3.      Ижарачыларга 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө архитехтуралык курулуш эрежелерин сактоо менен эки тараптуу келишимге ылайык курулушту бүтүрүү зарылдыгы эскертилип, объектилер ишке түшпөй калса да ижара акысы 2024-жылдын 1-июлунан төлөө жагы эскертилсин.

 

4.      Коюлган контейнерлер жана курулуштардын баасы көз карандысыз баалоочулар аркылуу эсептелип, адистердин юридикалык кызматтарынан пайдалануу менен эки тараптуу келишим түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко милдеттендирилсин.

 

5.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.

 

 

Арстанбап айылдык Кеңешинин

төрагасы:

 

Ж.Абдухалилов