Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 41 - сессиясы

2024-жылдын 19-апрели № 185

 Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 17-апрелиндеги 01-17/1403 номери менен чыгышталган “Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” кайрылуусу

         

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кадамжай шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кадамжай шаардык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

 

1.     Кадамжай шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.     Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасыА.Абдыразаковго жана Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.     Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Кадамжай шаардык

кеңешининтѳрагасы:

 

А.Абдыразаков