КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 41 - сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 186
Кадамжай шаардык мэриясынын “Кара-Жантак участкасына мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехти куруу үчүн 0,70 га жер аянтын жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын “Кара-Жантак участкасындагы логистикалык борбор курулган жайдын түндүк тарабында жайгашкан 0,70 га жер аянтын мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехти куруу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр-жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Жантак участкасындагы логистикалык борбордун түндүк тарабында жайгашкан 0,70 га жер аянтын мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехти куруу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр-жай категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешининтѳрагасы: |
А.Абдыразаков |