КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 41 - сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 187
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги 01-06-677 номери менен чыгышталган кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги 01-06-677 номери менен чыгышталган “Ибн-Сина” даарыканасынын имаратын балдар бакчасына ылайыкташтырып курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ибн Сина” даарыканасынын имаратын балдар бакчасына ылайыкташтырып курууга жалпы суммасы 32 894 000 (отуз эки миллион сегиз жүз токсон төрт миң) сомду түзгөн сметалык долбоордун 3 000 000 (үч миллион) сомдук өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешининтѳрагасы: |
А.Абдыразаков |