Редакцияот 1.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2024-жыл 1-февраль №10

 

“Арстанбап айыл Өкмөтүнө караштуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү жөнүндө.”

 

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругунун негизинде Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүнүн тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун 8-глава 71,72 бөлүмдөрүнө ылайык, Арстанбап айылынын тургуну жеке ишкер Дарманкулов Сайид Манапжановичтин арызын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XIX сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

1.Арстанбап айыл өкмөтүнүн карамагындагы 2(эки) жыгач боз үй, 2 (эки) качелье,

2 (эки) беседка Дарманкулов Сайид Манапжановичке ижарага пайдаланууга келишим негизинде берилсин.

 

2. Ижара баасы жылына 20000 (жыйырма миң ) сом деп белгиленсин.

 

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы И.Чолпановко жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.

 

 

Арстанбап айылдык Кеңешинин

төрагасы:

 

Ж.Абдухалилов