Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 26-апрели №168

Баткен облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Наристе балдар бакчасынын эшик терезесин алмаштыруу”  долбооруна өздүк салым 500 000 миӊ сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен  бөлүүгө макулдук  берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 25.04.2024ж. №01-7/988 сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинин иш чарасынын планын өзгөртүп Баткен облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Наристе балдар бакчасынын эшик терезесин алмаштыруу”  долбооруна өздүк салым 500 000 миӊ сом акча каражатын бөлүүгө макулдук  берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелеринин негизинде шаардык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинин иш планын өзгөртүп  Товарная көчөсүнүн борбордук аянтчасына асфальт төшөөгө бөлүнгөн 1000000 сом акча каражатынан Баткен облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Наристе балдар бакчасынын эшик терезесин алмаштыруу”  долбооруна өздүк салым катары  500 000 миӊ сом акча каражатын бөлүүгө макулдук  берилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча”  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

М.А.Кутбидинов