Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 14-отуруму

 

2023-жылдын  27-сентябры № 14

“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылдык кеңеши 2023-жылдын 13-сентябырында жалпы элдик чогулуштун негизинде айылдык кеңештин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймак Памир-Алай айыл аймагы деп аталсын.

3. Жалпы элдик чогулуштун неизинде аймактын борбору Сары-Могол айыл өкмөтүн кылып берүү жагын Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Азамат Асанбекович Кожомамбетовдон суралсын.

4. Бириккен Памир-Алай айыл аймагынын борбору Сары-Могол айылында жайгашсын.

5. Жалпы Сары-Могол айылдык кеңешинин депутаттары Сары-Могол айылынан башка айылды борбор болуусуна макулдук беришпейт.

6. Бул токтом расмий түрдө Сары-Могол айыл өкмөтүнүн расмий Facebook баракчасына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинин Ош облусунун башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланышы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Жээнбай уулу Мамыр