ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XXVII- сессиясы
2024-жылдын 12-апрелиндеги № 226
Түп айыл аймагынын малдарды жайлоого көчүрүүнүн, багуунун, бадада багуунун, жазгы-күзгү жердин айдоо-себүүнүн акыларын жана малдын эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүнүн айып пулдарын бекитүү жѳнүндѳ
Түп айыл аймагынын малдарды жайлоого багуунун, бадада багуу, жазгы-күзгү айдоо-себүүнүн акыларын бекитүү жѳнүндѳ маселени карап,
чыгып, айылдык жыйындардын жыйынтыктары менен алдын ала
талкуулоолорду жана макулдашууларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
”№ 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп
айылдык Кеӊешинин ХХVIII-чакырылышынын XXVII - сессиясы
токтом кылат:
1. Түп айыл аймагы боюнча жайлоого кѳчкѳн малды багуу акысы:
- 1 бир баш койго Сары-Жаз жайлоосуна багылса - 150 сом.
- жеринде калса (жакынкы жайыттарга)- 100 сом.
- уйга, торпокко- 600 сом.
- Сары-Жаз жайлоосуна - 700 сом.
- жылкыга - 700 сом.
- Сары-Жаз жайлоосуна жылкыга -800 сом.
2. Түп айыл аймагыдагы бардык бадалар үчүн баданын акысы:
- Уй башына - 250 сом.
- Букасы менен - 300 сом.
Ал эми Борбор менен Сабатаров кѳчѳлѳрүнүн бадасынын жайыты
тардыгына байланыштуу уй башына 350 сомдон бекитилсин.
3. Түп токой чарбасынын пайдаланууга алынган жайыт акы:
- 1 бодого, жылкыга - 54 сом, 1 га жер бѳлүнѳт
- 1 койго – 12,5 сом, 4 башка 1 га жер бѳлүнѳт
4. Түп айыл аймагы боюнча жайлоого көчүүчү малдар аба ырайынын
шарты мүмкүнчүлүк берсе 5-майга чейин кетүүсү милдеттендирилет.
Белгиленген мѳѳнѳттѳ кѳчпѳгѳн малчыларга катуу чаралар кѳрүлсүн жана 10 000 сом ѳлчѳмүндѳ айып салынсын.
- Айылда саан уйлар жана 1 баш мингич же арабакеч жылкы алып
калууга уруксат берилсин.
- Базда-кашарларда калган фермерлерге, жайытынын шарты туура
келсе - 3(үч)баш саан уй, 1(бир) баш жылкы алып калууга уруксат берилсин.
- Малдарды мамлекет тарабынан коюлган талапка ылайык биркалап
берүү жагы ветеринардык кызматка тапшырылсын.
- Малдардын вакцинациясын мал даарыгерлик кызматкерлери 1-майга
чейин толук бүтүрүшсүн.
- Ветеринарлардын вакцинация боюнча аткарган иштери боюнча 1 баш
бодо малга -350 сомдон, майда жандыкка 2 укол 40 сом кызмат акы алынсын.
- Алыскы жайлоого кѳчүп жаткан малчыларга милдеттүү түрдѳ айыл
ѳкмѳтү менен келишим түзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Айдалган эгин аянттарына, кѳп жылдык чѳптѳргѳ, беделерге зыян
келтирген учурда мал ээлерине мыйзам чегинде административдик чаралар колдонулсун.
6. Элдин үлүш жериндеги эгинге, кѳп жылдык чѳптѳргѳ зыян
келтирилген учурда, айыл ѳкмѳтүнүн жер жана мал боюнча адиси менен
биргеликте түзүлгѳн комиссия курамы акт түзүп уй, жылкы жана кой
баласына, антимонополияга каршы жѳнгѳ салуу кызматы менен макулдашуунун салуу кызматы менен
макулдашуунун негизинде, зыян келтирген учурларда аксакалдар соту
тарабынан тѳмѳндѳгүдѳй айып пулдар салынсын.
Биринчи жолу зыян келтирген учурда:
- Кой, эчки – 250 сом
- Бодо - 600 сом
- Каз ѳрдѳк, индюк – 100 сом