ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №24
“Токтогул шаарынын 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатын чыгымдоо багыттары жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, административдик аймактык реформанын натыйжасында, Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинен, 2024-жылдын I жыйынтыгы менен, үнөмдөлгөн акча каражатын чыгымдоо боюнча шаар мэри Б.Д.Максутбаевдин 12.04.2024-жылдагы № 01-17/457 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.04.2024-жылдагы жыйналышында каралды.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, токтом кылат:
- Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
- Корутундуга ылайык, административдик-аймактык реформанын натыйжасында жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн 6345,5 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
- Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.К.Дөөлөтбеков) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | А.Т.Тулекеева |
БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 22.04.2024-жылдагы кезектеги XXIX сессиясынын № 24 токтому Тиркеме |
2024-жылдын I жыйынтыгы менен Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн 6345,5 мин сом акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
№ | Акча каражатын чыгымдоо багыттары | Статьялар | Бөлүнгөн сумма (миң сом) |
Көмүр сатып алууга 1 т х 6,5 мин сомдон Бала бакчаларга | |||
1 | “Адеми” балдар бакчасына 2 тонна | 2224 | 13,0 |
2 | “Нурпейилим” балдар бакчасына 2 тонна | 2224 | 13,0 |
3 | “Балалык балдар бакчасына 3 тонна | 2224 | 19,5 |
4 | Келечек балдар бакчасына 3 тонна | 2224 | 19,5 |
5 | “Нурпейилим” балдар бакчасына | 2218 | 33,0 |
6 | Адеми балдар бакчасына | 2218 | 32,0 |
7 | Балалык балдар бакчасына | 2218 | 32,0 |
8 | Келечек балдар бакчасына | 2218 | 33,0 |
Орто мектептерге | |||
9 | Мүлкүбат орто мектебинин ашканасына 2 тонна | 2224 | 13,0 |
10 | Умаров атындагы орто мектебине 9 тонна | 2224 | 58,5 |
11 | Т.Тешебаев атындагы орто мектебине 18 тонна | 2224 | 117,0 |
12 | Казатов атындагы орто мектебине 38 тонна | 2224 | 247,0 |
13 | Манас орто мектебине 2 тонна | 2224 | 13,0 |
14 | Китепкана, ФАП, ҮБДТларга өрт өчүрүүчү шаймандарга | 2222 | 151,6 |
15 | Т.Тешебаев атындагы орто мектебине видео көзөмөл орнотууга | 2222 | 50,0 |
Мэриянын аппаратына | |||
16 | Айылдарга 5 айыл башчы алуу үчүн 9 айга эмгек маянасына | 2111 | 1478,1 |
17 | Айыл башчылардын соц фонд төлөөлөрүнө 9 айга | 2121 | 255,1 |
18 | 6 айылды кыдырып иш алып баруу үчүн 5 айыл башчыга керектелүүчү күйүүчү- майлоочу майларга (ГСМ) | 2214 | 315,0 |
19 | Эмгек Кодексинин 372 ст негизинде Б.Д.Максутбаевдин көчүп келүүсү боюнча чыгымдарга | 2111 | 51,7 |
20 | Үй- бүлөсүнө төлөөлөргө (1 адамга) | 2111 | 25,8 |
21 | Көчүп келүү үчүн оор жүк ташуучу унаага төлөөгө | 2214 | 10,0 |
22 | Ар ай сайын квартиранын ижара акысына ( 9 айга 20 мин сомдон) | 2213 | 180,0 |
23 | Арал айылындагы Кара Жыгач каналын оңдоого 350 м полиэтилен труба (400мм) сатып алууга | 3112 | 980,0 |
24 | Бала-Чычкан айылындагы машыгуу залына ажаткана курууга | 3111 | 87,0 |
25 | Бала-Чычкан айылындагы ФАПтын көмүрканасын курууга | 3111 | 60,0 |
26 | Азиз жана дүлөйлөр коомуна иш чарага керектүү материалдарды алууга | 2222 | 31,5 |
27 | Жаңы-Жол айылынын муктаждыктарына (инфраструктурасын жакшыртууга) | 2215 | 400,0 |
28 | Кара-Суу айылында Орто Кашат жолун ондоого | 2221 | 300,0 |
| Айылдардын муктаждыктарына - 1289,4 миң сом |
|
|
29 | Балачычкан айылына | 2215 | 299,2 |
30 | Комсомол айылына | 2215 | 278,4 |
31 | Кызыл-Туу айылына | 2215 | 306,2 |
32 | Жаңы-Жол айылына | 2215 | 162,7 |
33 | Кара-Суу айылына | 2215 | 135,0 |
34 | Арал айылына | 2215 | 109,7 |
| Социалдык колдоо |
|
|
35 | М.Я.Турдахуновага материалдык жардам көрсөтүүгө | 2721 | 10,0 |
36 | Азиз жана дүлөйлөр коомуна материалдык колдоо көрсөтүүгө | 2721 | 25,0 |
Төраганын орун басары: | А.Т.Тулекеева |