Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын

 

2024-жыл 22-апрели №25

 

“Токтогул шаардык кеңешинин 07.02.2024-жылдагы №05 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.02.2024-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын №05 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү киргизүү боюнча шаар мэри Б.Д.Максутбаевдин 12.04.2024-жылдагы № 01-17/457 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.04.2024-жылдагы жыйналышында каралды.

Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, токтом кылат:

 

1.      Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.02.2024-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 05 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

 

2.      5-тиркеменин 39-пунктундагы чыгымдоо багыты “Токтогул шаарынын мэриясына техникалык көзөмөлдөөчүнүн казматын сатып алууга” деген сүйлөм менен   алмаштырылсын. 

 

3.      Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.

 

4.      Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.К.Дөөлөтбеков) тапшырылсын.

 

5.      Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

6.      Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары:

А.Т.Тулекеева