Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын

 

2024-жыл 22-апрели №25

 

“Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасына макулдук берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 21.04.2024-жылдагы № 01-17/1523 каты боюнча маалыматты, сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Токтогул шаарынын аймагынынын Туздуу Суу участогунан башка административдик чек арасына макулдук берилгендиги белгиленсин.

 

  1. Мурда Жаңы-Жол айыл аймагы пайдаланып жүргөн Туздуу Суу участогу боюнча маселе сот органдарына кайрылуу аркылуу чечилсин.

 

  1. Туздуу Суу участогуна тиешелүү архивдик документтерин чогултуп, тез арада сот органдарына кайрылуу жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

  1. Ушул токтом күчүнө кирген кундөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 19.04.2024-жылдагы кезексиз XXVIII сессиясынын №20 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

 

Төраганын орун басары:

А.Т.Тулекеева