Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIV СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 16-апрелиндеги № 189

Кара-Талаа айылынын Б. Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебине бекитилип берилген муниципалдык менчиктеги 30 662,56 м.кв жер аянтын үч кыймылсыз мүлк бирдиги катары бөлүп берүү жөнүндө

 

            Кара-Талаа айылынын Б. Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебине бекитилип берилген муниципалдык менчиктеги 30662,56 м.кв жер аянтын үч кыймылсыз мүлк бирдиги катары бөлүп берүү боюнча К.Соконовдун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кара-Талаа айылынын Б. Алаков атындагы жалпы орто билим берүү  мектебине бекитилип берилген муниципалдык менчиктеги 30662,56 м.кв жер аянтын үч кыймылсыз мүлк бирдиги катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.     Биринчи кыймылсыз мүлк бирдиги 24092,56 м.кв жер аянты Б. Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебине калтырылсын.

3.     Экинчи кыймылсыз мүлк бирдиги 6110,0 м.кв жер аянты бала бакчага бөлүнүп берилсин.

4.     Үчүнчү кыймылсыз мүлк бирдиги 460,0 м.кв жер аянты окуу борборго бөлүнүп берилсин.

5.     Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №189 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон откөрүлсүн.

6.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин  айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага                   А.Жолалиев

 

Катчы                                        Д.Чыныбаева