УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 16-апрелиндеги № 192
Улахол айыл өкмөтүндө жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү жалпы ички чарбалык маселелери боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 11-апрелиндеги №34а токтомун бекитүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүндө жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү жалпы ички чарбалык маселелери боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 11-апрелиндеги №34а токтомун бекитүү боюнча айыл чарба жана мал чарбачылыгы, жайыт, ирригация боюнча башкы адис А.Дыйкановдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүндө жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү жалпы ички чарбалык маселелери боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 11-апрелиндеги №34а токтому бекитилсин.
2. Токтомдун ар бир пунктун кынтыксыз ишке ашыруу айыл өкмөт башчысы У.Төлөновго, мал чарбачылыгы, жайыт, ирригация боюнча башкы адис А.Дыйкановго, “Улахол” муниципалдык ишканасынын жетекчиси У.Искендеровго милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №192 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева