КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2024-жылдын19-мартындагы № 96
Жердин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каркыра айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагынын айыл аймагына караштуу № 240 контурунан 2,40 га, № 886 контурунан 1,50 га жана № 887 контурунан 2,30 га, жалпы аянты 6,20 га айыл чарба багытындагы жайыт жерлери чакан ГЭСтерди куруу үчүн өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду бекитип берүү жагы Түп райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К.Б.Мукаев