КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2024-жылдын 19-мартындагы № 98
Каркыра айыл аймагындагы жайыт жерлерин туризм жана коммерциялык багытта пайдалангандар үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Каркыра айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагынын жайыт жерлерин башка максаттарга пайдалананууга берүүдө тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин;
-Туризм багытында пайдалангандар үчүн сезондук мезгилге
0,10 га – 10000 (он миң) сомдон.
-Коммерциялык багытында пайдалангандар үчүн сезондук мезгилге
0,10 га – 10000 (он миң) сомдон.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду жетекчиликке алуу жагы Каркыра айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага К.Б.Мукаев