Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрелиндеги № 100

 

Каркыра айыл аймагына караштуу жайыт жерлеринен жана Түп токой чарбасынын токой фондусунун жайыт жерлеринен пайдаланган айыл аймактын малчылардын  жайыт акылары жөнүндө                        

 

Каркыра айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Малчылардын жайыт акылары төмөндөгүдөй       

    бекитилсин:

       Бодо малга - ар бир башына  жайыт акысы - 100 сом

       Кой, эчки   - ар бир башына  жайыт акысы - 25 сом

2.Токой фондусунун жерине барган малчылар үчүн жайыт акылары төмөндөгүдөй төлөнсүн;

-Бодо малга - ар бир башына  жайыт акысы Каркыра айыл өкмөтүнө - 50 сом, Түп токой чарбасына - 50 сом

 -Кой, эчки  - ар бир башына  жайыт акысы Каркыра айыл өкмөтүнө - 12,5 сом, Түп токой чарбасына - 12,5  сом

3.Жайыт жеринен падаланган малчыларга малдарды өз убагында вакцинациядан өткөрүү менен ветеринардык кызматынан тийиштүү кагаздарды алып баруусу жана жайыт жерлерин өрт кооопсуздугун алдын алуу, экологияны, жайыт жерлерин деградациядан сактоо, жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, жайыт акыларын белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен төлөө жагы милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана айыл  чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.        

  

Төрага                                                                                                   К.Б.Мукаев