Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каркыра айылдык  кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын  10-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 101

 

Айыл чарба техникаларынын талаачылык  жумуштарына кызмат көрсөтүүсү боюнча  тарифтерин жана малчылардын мал жандыктарды багуу акыларын бекитүү жөнүндө

      

 2024-жылдын март айында Каркыра айыл аймагынын айылдарында жазгы       талаачылык жумуштарына даярдыктар жана мал чарбачылыгы боюнча болуп өткөн жыйындарынын протоколдорун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:

   1.Айыл чарба техникаларынын талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүүсү    

     боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин;

      Айдоо    - 1500 сом 1 га,  25 л солярка

      Тырмоо -  300 сом  1 га,  10 л  солярка

        Себүү   -  500 сом  1 га, 10 л  солярка

      Дискалоо - 600 сом 1 га, 15 л солярка

      Комбайн - 1500 сом 1 га, 20 л сорлярка

       Германка -1000 сом 1 га, 10 л солярка

      Косилка – 700 сом 1 га, 10 л солярка

      Чөп тырмак   - 300 сом 1 га, 7 л солярка

      Пресс подборщик  (жиби ичинде) – 10 л солярка, 1-түк/12 сом

      Пресс подборщик  (жиби жок) – 10 л солярка, 1-түк/10 сом

      Копалка  4000 сом 1 га, 20 л солярка

  2.Малчылардын мал жандыктарды багуу акылары төмөндөгүдөй       

     бекитилсин:

        Бодо малга - ар бир башына  500 сом

        Кой, эчки   - ар бир башына  100 сом

        Бада - ар бир башына  500 сом

  3.Каркыра айыл аймагы боюнча 2024-жылдын 15-апрелинен баштап  мал

    жандыктардын  айдоо аянттарына  киргизилүүсү токтотулсун.

  4.Каркыра айыл аймагы боюнча 2024-жылдын 1-10 майынан кечиктирилбестен

    малчыларды жайлоолорго көчүрүү ишке ашырылсын жана 2024-жылдын       

   21-сентябрдан тартып малчылардын жайлоолордон көчүп келүүсү   

    белгиленсин.

 

  5.Айылдарда мингич ат, саан уй жана музоолор кала  тургандыгы эске алынсын.

  6.КР Бузуулар боюнча кодексине ылайык төмөндөгүлөргө айып салуу Каркыра

    айыл  өкмөтүнө милдеттендирилсин:

    - белгиленген мөөнөттөн кеч көчкөн жана эрте көчүп келген малчыларга;

    - айдоо аянттарына зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине;

    - айыл  тургундары тарабынан алыскы чөп чабынды жерлер   2024-жылдын                                  

       1-августунан эрте чабылса.

   7.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каркыра айыл өкмөтүнө жана     

     көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча

     туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 Төрага                                                                                                        К.Б.Мукаев