Редакцияот 13.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 16-отуруму

 

2023-жылдын 13-ноябры № 16/11

Сары-Могол айылынын тургуну Турдуев Калназар Калыкуловичтин арызын карап Сары-Могол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургуну К.Турдуевтин арызынын негизинде Сары-Могол айыл өкмөтүнүн Тулпар-Көл участкасынын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан 10 сотых жер тилкесиенен ички жана сырткы туризимди уюштуруу үчүн 5 жылдык мөөнөт менен бөлүп берилсин.

2. Берилген мөөнөт ичинде ички жана сырткы туризим уюштурулбаса жана эки тараптуу түзүлгөн келишим бузулган учурда жер кайтарылып алынсын.

3. Ички жана сырткы туризимди уюштуруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук жер кадастар жана кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын

4. К.Турдуев менен келишим түзүү жана берилген жер максаттуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевге жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кошоновдорго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Жээнбай уулу М