Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 26-отуруму

2023-жылдын 25-декабры № 26/1

Корул айыл өкмөтүнүн мекеме ишканалардын 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Корул айыл өкмөтүнүн мекеме-ишканаларынын, мектеп директорлору жана бала бакча башчыларынын маалыматтарын угуп, талкуулап Корул айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2023-жыл ичинде Корул айыл өкмөтүндө билим берүү тармагында жүргүзүлгөн иш аркеттери сын сунуш, кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.

 

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, тамагын уюштурууда баардык нормаларды сактоо жана азык-түлүктүн сапаттуусун колдонуу, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык-гигиеналык жактан колго алуу жагы бала башчыларына тапшырылып жана аны көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрайым

М.А.Абдыкадырова