Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 26- отуруму

2023-жылдын 25-декабры № 26/2

Корул айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу кен-байлыктар боюнча иш алып барган жеке ишкерлердин аткарып жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-беренесинин 9-пунктуна ылайык айыл өкмөттүн аймагына караштуу кен-байлыктар боюнча иш алып барган жеке ишкерлердин иштери боюнча талкуулап Корул айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы кен байлыктар боюнча иш алып барган ишкерлердин иштери боюнча айтылган айыл өкмөттүн салык кызматкери тарабынан берилген маалымат канааттандырылсын.

 

2.  Айыл өкмөткө кандай пайдасын берип жана кандай салыктарды төгүп жаткандыгы жөнүндө так жана туура маалымат берилсин. Кайсы жеке ишкерлер өз лицензиясын тапшырып бергендиги жөнүндө тиешелүү мекемелерден маалымат алуу жагы айыл өкмөт башчы Турганбаев Мустафага милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу жана жамааттык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрайым

М.А.Абдыкадырова