АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2024-жыл 28-марты №5/2
“Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө”
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, бул маселе боюнча Айры-Там айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз V сессиясы токтом кылат:
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишими колдоого алынсын;
- Типтүү келишимде көрсөтүлгөн шарттарды мыйзам чегинде туура так аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айры-Там айыл аймагынын айыл Өкмөтү М.Шербаевге милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кулуев |