Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясынын

 

2024-жыл 28-марты №5/3

 

“1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”

 

1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин өткөн 2023-жылда жүргүзгөн ишин жетишилген ийгиликтер менен катар, финансы-экономикалык абалын жакшыртууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген отчету кабыл алынып, 2024-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз V сессиясы токтом кылат:

 

  1. 1-Май жайыт комитетинин 2023-жылга аткарылган иши боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын;

 

  1. 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 985000(тогуз жүз сексен беш миң )сом болуп бекитилсин;

 

  1. 2024-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин;

 

  1. Жайытка кетип жаткан малдын санын дагы бир ирет тактап, көзөмөлдөө үчун пост уюштурулуп, күзөтчүнүн эмгек акысы штаттык расписаниенин негизинде төлөнүп берилсин;

 

  1. Кирешенин салыгын көбөйтүү жайытка чыгууга малдын 1(бир) башына төмөнкүдөй акы белгиленсин:

а) Уй, жылкы,эшекке 137 (жүз отуз жети)сом 97(токсон жети)тыйын.

б)кой эчкилерге 27(жыйырма жети ) сом 59(элүү тогуз) тыйындан жайыт акы

         белгиленсин;

 

  1. Чекене акы 1 (бир) баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс жакындыгын эске алып, 550 (беш элүү жүз ) сомдон 600(алты жүз ) сомго, кой эчкилерге 100(жүз) сомдон 120(жүз жыйырма) сомго чейин белгиленсин;

 

  1. Жаратылышты коргоо жана айлана чөйрөнү таза кармоо боюнча ошондой эле жайыт пайдалануучулардын түтүн (чатыр )пул алуу жагы каралсын; ар бир жашаган чатырга 700(жети жүз) сом өлчөмүндө жайыт комитетинин эсебине кириштелсин;
  2. Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын;
  3. Жайыт пайдалануучу башка айыл аймакка мал багып чыкса, күзгү жазгы жайыттар үчүн мал жайылган күндөн баштап, кара малга башына 35(отуз беш) сомдон майда жандыкка башына 10(он) сомдон жайыт акы алынсын;
  4. Жайыт комитетинин төрагасына жана бухгалтерине 11 айлык эмгек акы каралсын жана кошумча жайытка кетип жаткан малдын так санын көзөмөлдөө үчүн сезонго 1 күзөтчүгө эмгек акы каралсын;
  5. Жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп кетсе же эрте көчүп келип, жайыт чөп, уруктары себилген жерге мал бакса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул салынсын;
  6. Мыйзамсыз жайытка мал алып чыккандарга, жайыт мыйзамын одоно бузгандарга, жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп кетсе же эрте көчүп жана жайыт акыны өз мөөнөтүндө төлөбөгөндөргө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык айып пул салынсын жана жайыт билети берилбесин;

 

  1. Ак-Башат айылында үлүш жерлер жайыт жерлери менен чектеш болгондуктан аталган айылдын тургундарынын үлүш жерлерине күзөтчүлөрдү уюштуруу жагы айыл башчы Жоомарт Абдыманап уулуна дайындалсын;

 

  1. Ак-Башат айыл аймагынын жергиликтүү жашоочуларына, 2024-жылдан баштап, шарттуу малдын башына салык төлөмү киргизилсин;
  2. Ветеринардык сервистердин башчылары: квартал сайын малдарды эмдөө иштери боюнча, жайыт комитетине өз убагында маалымат берилсин;

 

  1. Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган, 1-Май жайыт комитетинин башкаруусундагы атайын техникалардын 2024-жылга жайыт комитетинин төрагасы сунуштаган болжолдуу бюджетинин сметасы бекитилсин. Комбайн 1 га жерден түшүм жыйнаса 6000(алты миң) сом деп белгиленсин, МТЗ-82.1 трактору соко менен жер айдаса жердин кыртышына карап 8000-8500(сегиз миң, сегиз миң беш жүз) сом, пресс 1 даанасы 30 (отуз) сомго белгиленсин. Анткени күйүүчү майлоочу май жана техникалардын тетиктеринин кымбатташы эске алынып, МТЗ трактору соко эле тартат 1 га толук бүтүрүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугу белгиленсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кулуев