КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
2024-жылдын 08-февралы №32/1
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарына таза суу түтүктөрүн тартууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарынын тургундарын таза суу менен
камсыз кылуу үчүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн төлөнө турган 2 049 101 (эки миллион кырк тогуз миң бир жүз бир) сом акча каражатынын, 1 849 101 (бир миллион сегиз жүз кырк тогуз миң бир жүз бир) сом акча каражаты жумушчу күчүнүн эсебинен, калган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Расахан уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сапарбек уулу |