ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин депуттарынын VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 26-марты № 10/2
Айыл өкмөтүнүн 2022 -жылдын бюджетинин аткарылышын кароо жана бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн финансы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү боюнча 31067,7 (отуз бир миллион алтымыш жети миң жети жүз ) сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүмү 24022,3 (жыйырма төрт миллион жыйырма эки миң үч жүз ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Төрага | Жумаалы уулу Адил |