КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
26-март 2024-ж. №33/4
Мантыш айылы
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым
укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пункутунда көрсөтүлгөн талаптар боюнча маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Суу айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча укуктук мамилелердин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагында статикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштурууну жана көзөмөлдөөнү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Сапарбек уулу |