Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

 

2024-жыл 19-апрели №6/6

 

“Айры-Там айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик иш канасы тарабынан түзүлгөн, Айры-Там айыл аймагынын административдик чек арасын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдагы кезексиз VI сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айры-Там айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;
  2. Айры-Там айылдык кеңешинин төрагасына жана Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын;
  3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн;
  4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кулуев