Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-апрели № 196

2020-жылдын 29-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тармактык университетин уюштуруу жана иштеши жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2020-жылдын 29-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тармактык университетин уюштуруу жана иштеши жөнүндө макулдашуу расмий тилде бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У. Жапаров