МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 2- сессиясы
2024-жылдын 7-марты № 6/4
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|