Редакцияот 29.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 15

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга-Шыбран  жолунун күн чыгыш тарабындагы эски бузулуп кеткен короонун 2000 ч.м  жер аянтын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине каттоо жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 мыйзамынын 6-беренесине ылайык,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 29.04.2024-жылдагы №01-05/96 чыгышталган  сунушун жана туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап   Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                                ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу    Алга-Шыбран жолунун күн чыгыш тарабындагы эски бузулуп кеткен короонун 2000 ч.м жер аянтын  муниципалдык менчикке каттоого макулдук берилсин.

2.     Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов