Редакцияот 29.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясы

 

2024-жылдын 29-апрели № 16

Алга, Чукур-Кыштак айылдарынын  кырдаалдык жана башкы планын бекитүү жөнүндө

Шаар курулуш жана архитектура Мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациалык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалы  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чукур-Кыштак, Алга айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу долбоору аяктаганына байланыштуу кырдаалдык  план менен башкы пландарын бекитүү жана макулдашуу маселеси боюнча өкмөт башчы Х. Досановдун   маалыматын угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чукур-Кыштак, Алга айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу долбоору аяктаганына байланыштуу кырдаалдык жана башкы  пландарынын   бекитүүгө макулдук берилсин.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов