Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/6

Ара-Көл айылына кичи футбол аянтча куруу үчүн долбоорго өздүк салым акча каражатын кароо жөнүндө

 

Ара-Көл айылына кичи футбол аянтча куруу үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ара-Көл айылына кичи футбол аянтча куруу үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын.

2. Ара-Көл айылына кичи футбол аянтча куруу үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 100,0 (бир жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын. 

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  башкы эсепчи  Кармышбек кызы Гүлнарага  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

Жумалы уулу Адил