МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 18
Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 500 (беш жүз) га жер аянтына күн панелин орнотуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун бекитүү тууралуу токтомунун негизинде “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Молдо Нияз айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канаттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу максатында, ” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Молдо Нияз айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 500 (беш жүз) га жер аянтын которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|