АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 20
“Шыбран” орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шыбран айылындагы “Шыбран” орто мектебинин жамааттык арызын жана Шыбран айылынын элдик жыйынынын протоколун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” жобонун 4-5- беренелерине негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шыбран айылындагы “Шыбран” орто мектебинин аталышын өзгөртүү менен Мамазакир Султанов ысымын ыйгаруу боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына иш кагаздары даярдалып сунушталсын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент жана мандат,социалдык маселелер, жарандардын укугун, кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|