Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели  №34/1

 

Бириктирилген Кара-Суу айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

 

Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн, Кара-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши  токтом кылат:

 

          1. Кара-Суу жана Талаа-Булак айыл аймактарын бириктирип, Мантыш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

 

           2. БириктирилгенКара-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

           3. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

К. Сапарбек уулу