Редакцияот 01.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Айтматов районуна караштуу Бакайыр айылдык кеӊешинин 8- чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2023-жылдын 1-августу №19

“Кара – Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүү жөнүндө”

 

Бакайыр айыл аймагына караштуу Кара- Сай айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде Кара-Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүү боюнча кайрылуусунун негизинде Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:

1.              Кара-Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүү демилгеси жактырылсын.

2.              Кара-Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүүнү ишке ашыруу жана тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго жүктөлсүн.

3.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

 

Жаныкул уулу К.