КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-январы № 2
Максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургуну Абдрахманов Артык Сарманбековичтин жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө сессиянын жыйынында арызын карап, Кызыл-Туу айылынын Заречная көчөсү №28б турак жай имаратын куруу үчүн белгиленген максатта 400,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын мечитти куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык Кызыл-Туу айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын Заречная көчөсү №28б турак жай имаратын куруу үчүн белгиленген максатта 400,0 кв.м жер тилкесинин максаттуу багытын мечитти куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу ИЖС жер комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык Кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |