Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январы № 3

 

Максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Маловодное айылынын тургуну Чокоев Алмырза Койчубаевичтин жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө сессиянын жыйынында арызын карап, Маловодное айылынын Пролетарская № 66 б жайгашкан идентификациялык коду 7-08-13-1003-0879, дүкөн үчүн белгиленген максатта 585,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын жеке турак-жай имаратын куруу максатында өзгөртүү жөнүндө талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык Кызыл-Туу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маловодное айылынын Пролетарская № 66 б жайгашкан идентификациялык коду 7-08-13-1003-0879, дүкөн үчүн белгиленген максатта 585,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын жеке турак-жай имаратын куруу максатында өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу ИЖС жер комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев