АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жыл 19-апрели №6/8
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ” келишимин түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ” келишимин түзүү жөнүндө, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдагы кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
- Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү” келишими орундалсын;
- Келишимдин негизинде айлык акы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилсин;
- Токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кулуев |