АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жыл 19-апрели №6/9
“Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын бюджеттик каражаттына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
- Айры-Там айыл аймагынын бюджеттик каражатынын 2024-жылдын башында турак жай коммуналдык бөлүмүнө бекитилген курулуш куруу 3111 статьясынан 4000,0 (төрт миллион)сом, машина жана жабдуу 3112 статьясынан 4000,0(төрт миллион) сом акча каражаты кыскартылып, 2214 транспорттук кызмат статьясына 4500,0 ( төрт миллион беш жүз миң)сом, социалдык жардам статьясына 1000,0 (бир миллион) сом утурумдук ремонт статьясына 2500,0(эки миллион беш жүз миң) сом, жалпы 8000,0 (сегиз миллион) сом акча каражаты кошулсун;
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кулуев |